Ссылки доступа

Керри: Сириядагы тынчтык боюнча макулдашууга жакында жетишебиз


Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри шаршембиде “France 2” телеканалына билдирди.

Анын айтуусунда, Иран жана Орусия менен кызматташтыктын натыйжасында бир нече жумадан кийин Сирияда тынчтык орнотуу тууралуу келишим түзүлөрү күтүлүүдө.

Эгерде мунаса табылса, Сирияда эки жаат болуп согушуп жаткан өкмөттүк күчтөр менен оппозициянын аракеттерин өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топко каршы багыттоого жетишилет.

Ошол эле маалда Керри Башар Асад баарыбир бийликтен чегинүүгө тийиш деген көз карашын кайталап, ансыз согушту токтотуу мүмкүн эместигин кошумчалады.

“Асаддын бийликте турушу менен чет элдик согушкерлер Сирияга тартылууда. Анткени ага болгон элдин ишеними жоголгон. Азыр ал өлкөнүн аз гана бөлүгүн көзөмөлдөп турат. Өз элин ууландырып, бомбалап, ачарчылыкка кептеп, азап чектирген адам кантип башкаруучу боло алат?”,- деп суроо салды Жон Керри.

XS
SM
MD
LG