Ссылки доступа

Тажикстандын Куляб шаарынан орус аскер базасы чыгарылууда


Орусиянын 201-аскер базасынын Кулябдагы бөлүгү Ляур машыгуу талаасына которулду. База эми Дүйшөмбүдөн алыс эмес Рудаки районунда жайгашат.

Аскердик базанын өкүлү "Азаттыктын" өзбек кызматына Кулябдан баардык аскер техникалар көчүрүлгөнүн кабарлады.

Анын айтуусунда, калган Аскер бөлүмдө кызматкерлерининтагдыры чечилип жатат. Базага Кулябдагытиешелүү мектеп, бала бакча да жабылды.

40 гектар жерди ээлеген базада 1 миңден ашык жоокер жана офицерлер кызмат өтөчү.

Ал ортодо «Азия-Плюс» агенттиги Кулябдын маалымат тургундарыорус базасынын чыгарылганы тууралуу кабардар болгонун, анда аскер бөлүгүн башка жакка которуу 15-октябрдан тартып эки ай бою жүргүзүлөрү эскертилгенин жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG