Ссылки доступа

Бишкекте участкалык милиция кызматкерин атып кетишти


Бейшембиде кечки саат 8ден өткөндө 8-кичирайондо милиция кызматкери киши колдуу болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов кабарлады.

Участкалык милиционер ким тарабынан, кандай шартта өлтүрүлгөнү азырынча белгисиз. Маркум -кенже лейтенант Актилек Абдувалиев.

Ал эки адамды документ текшерүү үчүн токтоткондо, каршылыкка кабылып, кылмышкерлер белгисиз куралдан ок чыгарышканы божомолдонуп жатат. Ага чейин участкалык милиция кызматкери жардам сурап, шектүүлөр тууралуу кабарлоого үлгүргөн.Азыр окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG