Ссылки доступа

Орусия Аблязовду Казакстанга бербейт


Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязовду Казакстанга экстрадиция кылбайбыз деп билдирди. Муну ал Астанада болгон мамлекеттер аралык коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кеңеште айтты.

“Азыр эми Франция менен кеңешебиз. Анан чечим кабыл алынса, Аблязовду Орусияга экстрадициялашат. Ага Орусия Федерациясы расмий айып коёт”, - деди Юрий Чайка.

Казакстандагы ири БТА Банктын мурдагы директору Мухтар Аблязов 2013-жылдын жай айларынан бери Францияда камакта жатат. Казакстан, Орусия жана Украинанын бийлиги ага каржылык көз боёмочулук айыбын коюшууда. Ушул жылдын 17-сентябрында Франциянын премьер-министри Мануэл Вальс Аблязовду Орусияга экстрадициялоо буйругун чыгарган.

Аблязовдун тарапкерлери аны Орусияга алып келсе коопсуздугуна коркунуч жаралат деп, жибербөөнү суранышууда. Аблязов болсо ага карата айыптоолор атайын уюштурулган, саясий негиздери бар жалган жалаа деп келет.

XS
SM
MD
LG