Ссылки доступа

Кыргызстанда милиция кызматкерин өлтүргөндөр изделүүдө


-Укук коргоо органдарынан кабарлашкандай, 19-ноябрда Бишкектин 8-кичирайонунда милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиевди аткан кылмышкерлерди издөө боюнча аймактагы ар бир үй текшерилип жатат.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, милиция кызматкери велосипед уурдап бараткан жарандарды кармап, башка кызматкерлерди жардамга чакырган учурда кол салууга туш болгон. Кылмышка шектүү 2 жаран Абдувалиевге карата 4-5 жолу ок чыгарып, акыркысын чекеге аткан. Кылмышкерлердин огунан курман болгон Актилек Абдувалиев 27 жашта болчу.

Табылган октор Макаров үлгүсүндөгү тапанчаныкы экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG