Ссылки доступа

Фергана өрөөнүндө теракт коркунучунан улам коопсуздук чаралары күчөтүлдү


“Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлагандай, Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматы жана ички иштер министрлиги Анжыян шаарында террорчулукка каршы операция өткөрүштү.

Анжыянда 19-ноябрда оор курал-жарактардан атышуулардын добушу угулуп, бир катар көчөлөр жабылганы кабарланган. Ошондой эле бүтүндөй Фергана облусунда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, чек арадагы райондорго кошумча күзөттөр орнотулганы айтылууда.

Өткөн аптада Ташкенде 200дөн ашык адам өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топко катышы бар деген жүйө менен кармалган. Ноябрдын башынан бери аймакта аскерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

XS
SM
MD
LG