Ссылки доступа

Казакстандын футбол форуму Ерлан Кожагапановду колдоду


Астанада 21-ноябрда республикалык футбол форуму болду.

Иш-чарага футбол федерациянын жетекчиси ЕрланКожагапанов менен бул кызматка келүүнү көздөгөн президенттин небереси Нурсултан Назарбаев катышты. Ага чейин тараптар бир пикир таба албай жаткан.

Ерлан Кожагапанов,Айсултан Назарбаевди өзү форумга чакырганын билдирип, футбол федерациясынын айланасындагы окуяларды чыр-чатак деп атоого болбой турганын,болгону талкуу жүргөнүн айтты. Ошондой эле Айсултан Назарбаевдин өлкөдөгү футболду өнүктүрүү боюнча сунушу коомчулуктун көңүлүн буруп жатканын кошумчалады.

Сентябрдын башында казак президентинин тун кызы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин баласы Айсултан Назарбаев Федерацияга кат жолдогон. Анда жеке кызыкчылыктарды көздөгөн жаңжалдарды жок кылып, футболду жакшыртуу үчүн уюмдун башчылыгына Айсултандын талапкерлиги сунушталган.

XS
SM
MD
LG