Ссылки доступа

Тажикстанда инспекторду өлтүргөндөргө өкүм чыгарылды


Дүйшөмбү шаарынын Ысмайыл Самани райондук соту укук министрлигинин кылмыш жана жазаны аткаруу башкармалыгынын инспектору, көпчүлүккө “Дустум” деген каймана ат менен белгилүү болгон Журабек Дустовдун өлүмүнө байланыштуу 3 жаранга айып такты.

Анынмайдын башында дайынсыз жоголушу коомчулукта ар кандай имиштерге жем таштаган болчу. Маркумдунайылдашы, милициянын өзгөчө дайындоо бөлүмүнүн башчысы, куугунтукталган полковник Гулмурод Халимовдун караанынын Сирияда пайда болушу көп талкууларды жараткан.

Дустовдун денеси 21 күндөнкийин Лучоб дарыясынан табылган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, мас абалындагы жергиликтүүжаран өз арамелдеше кетип,Дустовду сабап, сууга ыргытып жиберген.

XS
SM
MD
LG