Ссылки доступа

АФК башчысы: Кыргызстан футболду өнүктүрүүдө ийгиликтерге жетти


Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Шейх Салман бин Ибрагим аль Халиф президент Алмазбек Атамбаев менен кездешүүдө билдирди.

Шейх Салман акыркы жылдары Кыргызстан футболду өнүктүрүүдө сезилерлик жыйынтыктарга жана жакшы көрсөткүчтөргө жетише алгандыгын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчы федерация президентинин Азия континентинде футболду өнүктүрүүгө жана реформа жүргүзүүгө кошкон салымы, өлкөнүн Футбол федерациясынын демилгелерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал акыркы кезде кыргызстандыктардын футболго кызыгуусу кыйла арткандыгын, ал кызыгууга көбүнесе Кыргызстандын улуттук курама командасынын эл аралык мелдештерге катышуусу өбөлгө болуп жаткандыгын айтты.

Президент менен АФК башчысы футболду өнүктүрүү, аныжайылтуу максатында натыйжалуу кызматташтыкты улантуу тууралуу сүйлөштү.

XS
SM
MD
LG