Ссылки доступа

Париж менен Лондон “ИМ” тобуна каршы күрөштү күчөтөт


Франция менен Улуу Британия өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топтун Сирия менен Ирактагы позицияларына каршы аба соккуларын күчөтүүнү убада кылууда.

Франциянын президенти Франсуа Олланд бул билдирүүнү Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон менен сүйлөшкөндөн кийин айтты.

“Биз террорчуларга эң катуу зыян келтире турган позицияларга аба соккуларын күчөтөбүз”, - деп айтты Франсуа Олланд.

Ал эми Кэмерон Париж менен Лондон эл аралык террорчулукка каршы кызматташууну бекемдей турганын, ошондой эле жүргүнчү учактардын коопсуздугун сактоо боюнча маалымат алмашууну мукалдашканын билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн алдында Дэвид Кэмерон менен Франсуа Олланд 13-ноябрдагы кол салууда курман болгондорду эскерип, “Батаклан” концерттик залынын алдына гүл коюшту.

XS
SM
MD
LG