Ссылки доступа

Кытай Кыргызстандан Иранга өтүүчү темир жол долбоорун иштеп чыкты


Борбор Азия аркылуу Иранга баруучу темир жол куруу долбоору иштелип чыкканын кытайлык China Daily басылмасы кабарлады.

Долбоор өткөн аптадагы инвестициялык форумда сунушталган. Ага ылайык, темир жол каттамы Үрүмчү - Алмата - Бишкек - Ташкен – Самаркан - Ашхабад – Тегеран багыты боюнча жүрөт.

Эгерде бул демилге жүзөгө ашса, түшкөн пайда курулушка кеткен чыгымды жабат. Ошондой эле темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү ташууга да болору айтылууда.

Азырынча долбоор боюнча Кытай бийлиги жана Борбор Азия мамлекеттери үн ката элек. Ага кошумча толуктоолор киргизиле турган болууда.

XS
SM
MD
LG