Ссылки доступа

Евразия экономикалык комиссиясы Интернет-дүкөндөрдөн бажы салыгын алуу маселесин кароого киришти.


Атайын түзүлгөн жумушчу топ интернет аркылуу сатып алынган товарлардан салык алуу боюнча эки долбоор даярдады.

Биринчисинде, баасы 22 евродон арзан жана 1 килограммдан ашпаган товарлардан бажы төлөм албоо сунушу бар. Ал эми 22 евродон 150 еврого бааланган, 10 килограммга чейинки товарлар үчүн 15 евро, салмагы андан ашкандардын килограммына кеминде 4 евродон салык алуу маселеси камтылган.

Экинчисинде, 150 евродон арзан жана 10 килограммдан аз товарларга 10 евро салык бекитүү, мындан көп салмактагы товарлардан 30 пайыз алым алуу сунушталууда.

Азырынча бул сунуштардын кайсынысы кабыл алынары белгисиз. Эгерде Интернет аркылуу сатып алууларга бажы төлөмдөрү киргизилсе, бул чечим Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгон Кыргызстанга да таасир этет.

XS
SM
MD
LG