Ссылки доступа

АКШ террордук коркунучка байланыштуу өз жарандарын этият болууга чакырууда


АКШ өзүнүн чет өлкөгө чыккан атуулдарын террордук коркунучуна байланыштуу сак болууга үндөдү.

Мамлекеттик департамент тараткан билдирүүдө өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топ, Аль-Каида, Боко Харам жана башка экстремисттик уюмдар бир катар аймактарда террордук чабуулдарды максат кылып жатат деген божомол бар экени айтылган.

Өзгөчө даярдык абалы 2016-жылдын 24-февралына чейин сактала турганы кошумчаланган.

Соңку бир нече ай ичинде куралчан топтор Орусия, Франция,Дания, Мали, Нигерия жана Түркия өңдүү бир катар өлкөлөрдү бутага алышканын жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG