Ссылки доступа

Тажикстанда олуттуу кадрлык өзгөрүүлөр болду


Тажик коргоо министринин орун басарлары, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын чалгын кызматынын башчысы ээлеген орундарынан бошотулду.

Мындай чечим коргоо министринин мурунку орун басары, генерал Абдухалим Назарзода башында турган топтун ушул жылдын сентябрындагы козголоңу менен байланыштуу экени маалымдалды.

Ошондой эле Рудаки, Восе, Рушан райондорунун, Куляб шаарынын жана Дүйшөмбүнүн Ысмайыл Самани районунун ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери алмашты.

Тажикстанда Коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданын тобу 4-сентябрда укук коргоо органдары менен кагылышып, Рамит капчыгайына жашырынган жерден атайын операциянын жүрүшүндө жок кылынган. Бийлик ал акыркы беш жылда аскердик төңкөрүш менен өлкөдөгү башкарууну колго алууну көздөгөнүн айтып келет. Эки тараптын куралдуу тирешүүсүнөн ондогон адам каза болуп, генерал Назарзоданын санаалаштары делген 140-ка жакын адам кармалган.

XS
SM
MD
LG