Ссылки доступа

Казакстандын Көкчөтоо шаарында катуу шамал болууда


Акмоло облусунун борбору болгон бул шаардын мектептеринде катуу шамал жана тайгакка байланыштуу бардык класстарда окуу токтотулду.

Аймакта жылуу аба ырайынан кийин кар жаап, бороон, катуу суук менен коштолууда.

Акмоло облусунда коомдук транспорттордун азайганы да байкалып жатат. Көрүү мүмкүнчүлүгү начар болгондуктан, Түштүк Казакстан, Актөбө, Костанай, Павлодар дубандарынын бир катар райондорунда да автоунаалардын жүрүүсүнө чек коюлду.

XS
SM
MD
LG