Ссылки доступа

Дүйшөмбүдө чек ара маселеси талкууланып жатат


Тажикстандын башкалаасында “Аймактык кызматташтыкты жакшыртуу үчүн чек ара көйгөйүн биргелешип чечүү” деп аталган эки күндүк жыйын бүгүн башталды.

Ага кошумча аймактык кызматташуу, соода-сатык, инвестиция жаатындагы алаканы өнүктүрүү боюнча семинар да өтүүдө.

Иш-чара Бириккен Улуттар Уюму, Түндүк Ооганстандын чек араларын башкаруу боюнча Европа Биримдигинин долбоорунун алкагында уюштурулган. Ооганстан, Тажикстан жана башка Борбор Азия мамлекеттеринин чек ара кызматтарынын өкүлдөрү катышууда.

Чек ара коопсуздугун жакшыртуу, ар кандай терс окуяларга жол бербөө максатында Европа Биримдиги Ооган өкмөтү менен аталган долбоорду ишке ашырып келүүдө.

Видео

XS
SM
MD
LG