Ссылки доступа

Тажикстан издөөдө жүргөн кылмышкерлердин тизмесин Орусияга берет


Тажик бийлиги издеп жаткан кылмышкерлер Сириядагы согуштук аракеттерге катышкандардын арасында жүрүшүмүмкүн. Алар бүлгүн салуу үчүн Орусияга келиши ыктымал болгондуктан, атайын тизме даярдалды.

Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Рамазан Рахимзода 24-ноябрда Москвада өткөн эки мамлекеттин тартип сакчыларынын биргелешкен жыйынында билдирди.
Орус ички иштер министри ВладимирКолокольцев эки тараптын ички иштер органдары экстремизм, террорчулук, баңгизат кылмышына каршы күрөшүү, кылмышкерлерди издөө жана адистерди даярдоодо өз ара жигердүү кызматташып келе жатканын айтты.
Жыйын соңунда кийинки жылда аткарылчу иштердин планы бекитилди.

XS
SM
MD
LG