Ссылки доступа

Кыргызстандык тургун 28 тууганын жана улгайган энесин Сирияга алып кеткен


Ысык-Көл облусунун тургуну Жолдошбек Карабаев Сирияга 28 тууганын, анын ичинде өз энесин алып кеткен. Бул тууралуу алардын жакын тууганы Жаңыбай Тыналиев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, биринчи болуп Сирияга төрт баласын жана кош бойлуу келинчегин алып Жолдошбек Карабаев өзү барган. Кийин башка туугандарын да Сирияга тарткан.
2015-жылдын жылдын жазында Ысык-Көлдүн Тоң районунан беш балалуу үй-бүлө, ошондой эле 80 жаштагы кемпир төрт кызы менен Сирияга кеткени аныкталган.
Ал эми ушул айда башкы прокурор Индира Жолдубаева 500дөй кыргызстандык Сирия жана Ирактагы эл аралык террордукуюмдардын катарында согушуп жүргөнүн, анын 122си аялдар экенин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG