Ссылки доступа

Дарига Назарбаева саясатчы айымдарды дөңгөч менен салыштырды


Казак президентинин тун кызы, премьер-министрдин орун басарыДарига Назарбаева саясат айдыңында иштеген аялдардын эмгеги бааланбайт, деген пикирде.

Астанада өткөн Евразиядагы аялдар саммитинде ал,саясатка аралашкан айымдар үй-бүлө жана ишкердик менен алектенгендергекараганда күн-түн эмгектенсе да, байма-бай сынга кабылып келерин белгиледи.

“Саясаттагы аялдар дөңгөч, отун сыяктуу. От өчпөшү үчүнмеште жагылуу бойдон турушу керек”, —деди Дарига Назарбаева.
Ал ошондой эле саясатты тандап алардан мурун жети өлчөп, бир кесүү менен чечим кабыл алууга аялдарды чакырды.

Евразиядагы аялдар саммитин Казакстан президентинин алдындагы аялдар жана үй-бүлө саясаты боюнча Улуттук комиссия, өлкөдөгү Ишкер аялдар бирлиги, “Даму” ишкердикти өнүктүрүү фонду уюштурган. Жыйында президенттин“Нурдуу жол” программасы, аялдардын ишкердик чөйрөдөгү ордун жогорулатуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана евразиялык интеграция маселелериталкууланды.

XS
SM
MD
LG