Андагы маалыматтарга таянсак, учкучту издөө көп убакытка созулуп, сириялык аскерлер козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймактан аны эки саат аралыгында алып чыгышкан.
Ал Орусиянын аскерлери жайгашкан Сириянын Латакия шаарындагы Хмеймим базасына жеткирилген. Шейшембиде орус коргоо министрлиги Су-24 согуштук учагынын биринчи учкучу мерт кеткенин, ага парашюттан секирип түшкөндө жерден ок атылганын маалымдаган.
Учак кыйраган жерде издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүп жаткан маалда, Орусиянын Ми-8 үлгүсүндөгү вертолету да жок кылынганы, андан бир аскер каза тапканы да айтылган.
Орусиянын Су-24 согуштук учагын 24-ноябрда Түркия менен Сириянын чек арасында түрк истребители атып түшүргөн.