Ссылки доступа

Казакстандын мурдагы өкмөт башчысы өз дарегине айтылган айыптарды четке какты


Кызматтык укуктарын кыянаттык менен пайдаланган жана экономикалык кылмыштарды жасаган деп айыпталган Казакстандын мурдагы өкмөт башчысы Серик Ахметов сот отурумунда коюлган күнөөлөрдү мойнуна алган жок.

Ал агасы менен баласы жетектеген компанияга колдоо көрсөтпөгөнүн, ишкана ансыз деле ийгиликтүү иштеп келгенин айтты. Айыптоочу тараптын туугандары 2012-жылга чейин эле бул компаниянын негиздөөчүлөрү болгон дегенкүнөөнү да четке какты.
Ошондой эле Карагандада курулуп жаткан транспорттук-логистикалык комплекскетиешеси жоктугун кошумчалады.
Тергөө Ахметов канализация-тазалоо системаларын курган учурда мамлекеттин акчаларын жеп, Акмолдоев аттуу соттолуп жаткан жарандан пара алганын айтууда. Бул айыпка да Ахметов макул эместигин билдирди.
Анын жактоочулары сотто материалдар менен таанышуу үчүн жараянды 3-декабрга жылдырууну суранышты.

XS
SM
MD
LG