Ссылки доступа

Кыргызстанда алты миллионунчу жаран төрөлдү


Алты миллионунчу кыргызстандык ымыркай кыз Ош шаарында жарыкка келди.

Ал аскер кызматкери Алмаз Кожошевдин үй-бүлөсүндө, 25-ноябрда саат 18:12де төрөлдү. Салмагы 3 киллограмм 870 грамм. Кыздын энеси Рахат Белекованын саламаттыгы жакшы.

Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев президент Алмазбек Атамбаевге ымыркай тууралуу сүйүнчүлөп жатып билдирди.

Президент наристенин ата-энесин жана кыргызстандыктарды куттуктап, калктын санынын өсүшү тынч турмуштун, элдин келечекке ишениминин жана бакубатчылыкка, гүлдөп өнүгүүгө умтулгандыгынын эң негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналарын белгиледи.

Ошондой эле ымыркайларды жана алардын энелерин керектүү медициналык колдоо менен камсыз кылуу боюнча премьер-министрге тапшырма берди.

Ош облусунда төрөлгөн ымыркайга 1 млн. сомдук депозиттик эсеп ачууну буюрду. Мындан сырткары өзүнчө турак-жай бөлүп берүүгө өкмөттү милдеттендирди. Ошону менен катар аны менен бир мезгилде төрөлгөн 10 ымыркайдын үй-бүлөсүнө бир жолку материалдык жардам иретинде 100 миң сомдон бөлүнө турган болду.

XS
SM
MD
LG