Ссылки доступа

Франция менен Орусия Сириядагы аракеттерин бириктирүүнү макулдашты


Франция президенти Франсуа Олланд Москвадагы сапарынын максаты – террорчулукка каршы күрөшүү аракеттерин координациялоо экенин билдирди.

Ал Париждеги кол салуулар менен жардырууларга жоопкерчилик алган жана өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топко каршы күрөштү улантуу үчүн дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттери менен коалиция түзүү демилгесин көтөрдү.

Москвадагы жолугушууда Путин менен Олланд Сирияда террорчуларга каршы чыгууга даяр болгон топторду бутага албоо тууралуу сүйлөштү.

Владимир Путин Париж менен жалпы душманга каршы күрөштө күчтү бириктирүү боюнча макулдашылганын айтты.

Парижде 13-ноябрда 130 адамдын өмүрүн алган куралдуу кол салуулар менен жардыруулардан кийин француз президенти дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин башчылары менен жолугушууда. Москвага сапарынын алдында, АКШ президенти Барак Обама менен бул маселени талкуулаган болчу.

XS
SM
MD
LG