Ссылки доступа

Казак президенти Нурсултан Назарбаев жылдык кайрылуусун жасайт


Нурсултан Назарбаев 30-ноябрда адаттагыдай эле жылдык кайрылуу менен чыгат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Даурен Абаев Facebook социалдык түйүнүнө жазды.

Анын айтуусунда, мамлекет башчынын кайрылуусун бир нече телеканалдар түз алып көрсөтөт. Назарбаев дүйнөлүк каатчылык шартындагы Казакстандын аракеттери тууралуу да кеп козгомокчу.

2014-жылы казак президенти 11-ноябрда жылдык кайрылуусун жасаган. Ага чейин жыл башында кайрылуу менен чыкчу. Быйылкысы жыйырманчы болуп калат.

XS
SM
MD
LG