Ссылки доступа

Тажикстан атып түшүрүлгөн орус учагына байланыштуу көнүл айтты


Тажик Тышкы иштер министрлигинин сайтында 24- ноябрда атып түшүрүлгөн орусиялык согуштук учакка байланыштуу көнүл айтуу каты жарыяланды.

Анда террорчуларга каршы операцияга катышкан жана курман болгондордун жакындарынынын аза кайгысы тең бөлүшөрү айтылган.

“Азыркы шартта эл аралык деңгээлде террорчулук менен күрөшүүдө биримдик, бири-бирин колдоо абдан маанилүү. Биздин жалпы душманга, глобалдык көйгөйгө каршы ынтымакта жооп кайтарышыбыз керек”, - деп жазылган.

Түркия менен Сириянын чек арасында Су-24 согуштук учагы 24-ноябрда атып түшүрүлгөн. Мындан улам эки тараптын пикири кайчылаш болууда. Расмий Анкара өлкө коргонгонун, учак өзүнүн аба мейкиндигине кирип кеткенин белгилесе, Орусия муну четке кагууда.

XS
SM
MD
LG