Ссылки доступа

Казакстандын оор атлеттери АКШда 3 медалды жеңип алышты


АКШнын Хюстон шаарында өткөн оор атлетика боюнча дүйнө чемпиондугунда казакстандык спортчулар 3 сыйлыкка ээ болушту.

Алмас Утешов 94 килограмм салмакта күмүш медал тагынды. Ал 402 килограммдык оор темирди түртүп көтөргөн. Бул категориядагы коло медалды Жасулан Кыдырбаевге берилди. Ал 399 килограммдык оордукту көтөрдү. Ал эми алтын медал 405 килограмм салмактагы беларустук спортчу Вадим Стрельцовго тийди.

Казакстандык Жазира Жаппаркул 69 килограмм салмактагылардын арасынан күмүш медалды жеңип алды. Эки көнүгүүнүн жыйынтыгы менен ал 256 килограммды көтөрдү. Биринчи орунду кытайлык Сян Яньмэй (263 килограмм), үчүнчү орунду орусиялык спортчу Анастасия Романова (253 килограмм) ээледи.

Буга чейин 77 килограммга чейинки салмактагылардын арасында Казакстан курамасына алтын медалды азербайжандык Нажот Рахимов алып берген.

XS
SM
MD
LG