Ссылки доступа

Петербургда Умарали Назаровдун туугандарын батирден чыгарып салышты


Өткөн айда Петербургда белгисиз жагдайда чарчап калган тажикстандык наристе Умарали Назаровдун атасы менен чоң апасы убактылуу жашаган батирден куулду.

Умаралинин чоң апасы Мехринниса Назарова көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатындагы батирди ижарага алып баш калкалап келишкенин, прокуратура өкүлдөрү ал жерде жашоо болбойт деген шылтоо менен аны бошотууну талап кылганын билдирди.

Азыр бул үй-бүлө туугандарынын үйүндө күн кечирип жатышат.

Баланын атасы Рустам Назаров, иниси Далер жана апасы Мехринниса Назарова менен бирге Санкт-Петербургда тергөө аяктаганча жүрүүгө тийиш. Алар Умаралинин өлүмү боюнча күбө катары өтүшүүдө. Беш айлык Умаралинин табышмактуу тагдырынан кийин кылмыш иши козголгон. Ушул айдын башында анын энеси Орусиядан чыгарылып, наристенин сөөгү да Тажикстанга жеткирилген.

XS
SM
MD
LG