Ссылки доступа

Дүйшөмбүдө борбордук дүкөн мамлекетке кайтарылды


Дүйшөмбү шаарынын экономикалык сотунун чечими менен “Борбордук универсалдык дүкөн” мамлекеттин энчисине өттү.

1993-жылдан 2003-жылга чейин соода борбор акционердик коомго айланып, акциялары бул мекеменин кызматкерлеринин ортосунда бөлүштүрүлгөн. Тажикстандын Мамлекеттик мүлк жана инвестициялар боюнча комитети менен "Фурушгохи маркази" акционердик коомунун ортосунда имарат талаш бир нече жылдан бери уланып келген.

Бийликменчиктештирүүмыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирген. Бирок ишкананын жетекчилиги соттун чечими Тажикстандын башкалаасынын чок ортосунда жайгашкан жерге көз арткандар жана мүлктү кайра бөлүштүрүүгө кызыкдар күчтөрдүн кысымы менен чыгарылганын айтышууда.

Аталган дүкөн 1960-жылы курулуп, Советтер Союзу урагандан кийин деле жарандар үчүн негизги соода жайы катары кала берген.

XS
SM
MD
LG