Ссылки доступа

Парижде акцияга чыккан жүздөй адам кармалды


Франциянын баш калаасы Парижде бүгүн баштала турган Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча саммитин утурлай дүйнө жүзү боюнча он миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышты.

Демонстранттар глобалдык климаттын өзгөрүүсүн токтото турган кескин чараларды көрүүнү талап кылышууда. Мындай ири акциялар Лондондо, Нью-Йоркто, Рио-де Жанейро жана Мехикодо өттү. Париждин өзүндө ири акцияларды өткөрбөө талабына карабай топтолгон элге каршы полиция көздөн жаш чыгарчу газ бүркүп, 100дөй адамды камакка алды.

Демонстрация Республика аянтында болуп, активисттер акцияга келбей калган адамдардын санын белгилөө үчүн аянтка 20 миң бут кийимди тизип чыгышты.

Парижде жана Франциянын башка аймактарында 13-ноябрда болгон катар-катар теракттардан соң өзгөчө кырдаал киргизилген. “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алган кандуу окуяларда 130 адамдын өмүрү кыйылган.

Климаттын өзгөрүүсү боюнча Улуттар Уюму башында турган эл аралык конференция 30-ноябрда Парижде болуп, ага 140 өлкөнүн лидерлери катышат. Бул иш чарада коопсуздукту камсыздоо үчүн кошумча 11 миң полиция кызматкери тартылды.

XS
SM
MD
LG