Ссылки доступа

Кыргызстанда дин таануучу Кадыр Маликовго кол салгандарга эл аралык издөө жарыяланды


ИИМ тараткан билдирүүгө ылайык, дин таануучу Кадыр Маликовго кол салгандарга эл аралык издөө жарыяланды.

Алгач милиция Маликовдун бычакталышы боюнча бейбаштык беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Жабырлануучунун каршылыгынан улам кылмыш иши “коомдук же мамлекеттик ишмердин өлүмүнө кол салуу” беренесине өзгөртүлдү.

Ушундан соң диний эксперт Октябрь РИИБнин кызматкерлерине көрсөтмө берип, ага кол салгандардын фотороботун тузүүгө көмөктөшкөн. Милиция кылмышка шектүү катары 1987-жылы Нарында туулган Тилек уулу Алибекти жана 1987-жылы Ошто туулган Ырыскул Бейшеналиевди издеп жатат.

26-ноябрда кечке жуук Кадыр Маликовдун үйүнүн алдында белгисиз адамдар менен чыккан чырда анын жаагына бычак сайышкан. Ага №4 ооруканада операция жасалып, абалы оор, бирок туруктуу. Милиция бул кол салуу анын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экенин айтып жатат. Бирок Кадыр Маликов кол салгандар “Аллаху акбар” деп кыйкырганын жүйө кармап, радикалдардын өч алуу аракети катары баалоодо.

XS
SM
MD
LG