Ссылки доступа

Качып кеткен аскер 12 жыл Камчатка токойлорунда жашынып жүргөнү аныкталды


"Интерфакс" кабарлагандай, Камчаткада полиция кызматкерлери 2003-жылы аскер бөлүктөн качып кеткен адамды кармашты. Ал 12 жыл бою токойлордо жашынып жүргөнү белгилүү болду.

Таганрогдун 1985-жылы туулган тургуну 2003-жылы аскерге чакырылып, жарым аралдын аскердик бөлүктөрүнүн биринде милдетин өтөп жүргөн. Бир жылдан кийин качып кетип, натыйжада ага издөө жарыяланган. Бир нече айдан кийин качкын аскерди туугандары курман болгондордун арасынан таанып, издөө иштери токтотулган.

Кармалган аскер он эки жылдан бери токойлордо жашап, кез-кезде иштеп, акча таба калып, жан багып келгенин милицияга айтып берген. Ал туугандары менен байланышууга аракеттенген да эмес.

XS
SM
MD
LG