Ссылки доступа

Тажикстан Сирияга адам тартуу менен алектенди делген эки кыргызстандыкты экстрадициялады


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы маалымдагандай, экстрадицияланган эки адам Сирияга элди азгыруу менен шугулданып жүргөн.

Алар - Жахонгир Курмишев менен Каныбек Мийманов. Укук коргоо органдары бул адамдарды тажик жарандарын экстремисттик уюмдардын катарына тарткан деп айыптоодо.

Негизинен тажикстандык 4 кызды Сирияга барууга үгүттөгөн. Кыздарды Кыргызстанга алып келип, жасалма документ менен “Манас” аба майданынан Түркияга узатып, андан ары Сирияга чыгарууну көздөшкөн.

XS
SM
MD
LG