Ссылки доступа

Обама Париж окуяларынын курмандыктарын эскерди


Бириккен Улуттар Уюмунун климат боюнча Париждеги саммитинин ачылышын утурлай АКШ президенти Барак Обама 13-ноябрдагы бир нече кол салуулар менен жардырууларда каза болгондорду эскерди.

Барак Обама Франция президенти Франсуа Олланд жана Париждин мэри Анн Идалго менен биргеликте “Батаклан” концерттик залынын жанына гүл коюшту. Бул жерде он эки күн мурун жанкечти, согушкерлердин чабуулунан 90 адамдын өмүрү кыйылган.

Ушундай эле террордук чабуулдар Париждин бир нече аймагында болуп, 130 адам каза тапты. Ошондон бери шаардын көчөлөрү катуу кайтарууда. Кандуу окуядан кийин киргизилген өзгөчө кырдаал эрежеси дале күчүндө.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо да «Батаклан» залына барды. Аны француз өкмөт башчысы Мануэл Валс коштоп жүрдү.

XS
SM
MD
LG