Ссылки доступа

Казакстанда 20 миңдик теңге чыгарылды


Улуттук банктын басма сөз кызматы маалымдагандай, 1-декабрдан тарта өлкөдө 20 миңдик тенге айлана баштайт.

Эң ири акча Казакстандын биринчи президентинин күнүнө арналып чыгарылды. 20 миңдик банкнот 2013-жылы басылган, жасалмалуулуктан корголгон.

2006-жылы чыккан 2, 5,10 миңдик теңгелерди төлөмдөр жана банктык операцияларда 2016-жылдын 3-октябрына чейин колдонсо болот. Ал эми 2020-жылдын 1-июлунан баштап бул банкноттор пайдаланылбайт.

XS
SM
MD
LG