Ссылки доступа

Тажикстандык төрт жаран Польшага мыйзамсыз кирүүгө аракет кылышкан


Брест чек ара тобунун басма сөз кызматы маалымдагандай, Тажикстандын 4 жараны Беларусиядагы “Западный Буг” дарыясын сүзүп өтүп, Польшага киргенге далалаттанган учурда кармалды.

Чек араны бузгандар 18ден 25 жашка чейинки эки кыз жана эки бала. Жаштар караңгыда өтүүгө аракетенген. Жандарынан кийимдери менен 400 доллар табылган. Алар Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн биринде жашаган туугандарыныкына кетип жатканын билдиришкен.

Бир күнү мурда ушундай эле аракет менен Өзбекстандын 42 жаштагы жараны колго түшкөн эле. Ал жасалма паспорт менен чек арадан кармалып калып, жыйынтыгында дарыя аркылуу Польшага өтүүнү максат кылган. Кармалгандар эми Беларустан 5 жылга чейин депортацияланышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG