Ссылки доступа

Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болду


Өлкөнүн Дүйнөлүк соода уюмуна толук кошулуусу боюнча келишим күчүнө киргени расмий жарыяланды.

Казак мажилиси тиешелүү документти быйыл июлда бекитип, сентябрда мамлекет башчы кол койгон. Расмий Астана биримдикке кирүү боюнча арызды 1996-жылдын 29-январында бергенине карабай, аны кабыл алуу багытындагы сүйлөшүүлөр дээрлик 20 жылга созулду. Ошол эле маалда өлкө Евразия экономикалык биримдигинин да катарында. Уюмдун курамында Казакстанды кошкондо 162 мамлекет бар.

XS
SM
MD
LG