Ссылки доступа

Президент Атамбаев Париждеги теракттын курмандыктарын эскерди


Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев шейшембиде 13-ноябрдагы террордук кол салуунун курмандыктарын эскерип, өзүнүн жана Кыргызстан элинин атынан гулчамбар койду.

Президент Атамбаев 30-ноябрда Париждеги БУУнун климаттын өзгөрүшүнө арналган конференциясына катышып, өз сөзүндө мөңгүлөрдүн эрип баратышына тынчсызданганын билдирген. БУУнун саммитине 150дөн ашуун мамлекеттин президенттери жана өкмөт башчылары катышууда. Эксперттер климаттын өзгөрүшүн, алдын алуу чараларын 11-декабрга чейин талкуулашат.

XS
SM
MD
LG