Ссылки доступа

Орусия тыюу салган түрк товарлардын тизмеси жарыялады


Орус өкмөтү 2016-жылдын 1-январынан тарта Түркиядан алып келүүгө чек койгон азыктардын арасында түстүү капуста, бадыраң, апельсин, мандарин, жүзүм, өрүк,тоок жана үндү эти бар. Ал эми жеке муктаждык үчүн колдонула турган азыктар өткөрүлө берет.

Орус президенти Владимир Путин өткөн аптада Түркия каршы санкцияларга кол койгон. Ага ылайык, 1-январдан тарта Түркиядан ташылган товарлардын айрым түрлөрүнө, түркиялык жумушчу күчтүн өлкөгө киришине жана Орусиядагы түрк уюмдарынын ишмердигине чектөө киргизилет. Жаңы жылдан тарта Орусия Түркия менен болгон визасыз режимин да жоет. Путин өкмөткө чартердик авиакаттамдарга тыюу салуу, авто жана деңиз транспортторуна көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган.

Түркия Сирия чек арасынан Орусиянын СУ-24 аскер учагын 24-ноябрда атып түшүргөндөн бери эки өлкөнүн мамилеси сууп баратат. Түрк бийлиги орус учагы аба мейкиндигин бузганын айтса, расмий Кремл муну жокко чыгарып келет.

XS
SM
MD
LG