Ссылки доступа

АКШ “ИМ”ге каршы күрөшкө атайын даярдыктагы жоокерлерди жиберет


Иракка жибериле турган атайын бөлүктүн жоокерлери жергиликтүү күчтөргө колдоо көргөзүп, рейддерди өткөрөт, барымтада калгандарды куткарат, чалгын маалыматтарын жыйнайт, “Ислам мамлекети” тобунун лидерлерин колго түшүрүү же өлтүрүү максатын көздөйт.

Бул тууралуу Коргоо министри Эштон Картер Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын Аскерий иштер боюнча комитетинде сүйлөгөн учурунда билдирди. Ал Иракта “Ислам мамлекети” тобуна каршы кеңейтилүүчү аракеттердин чоо-жайын жана аскерлердин санын так айткан жок. Бирок кошумча жиберилүүчү атайын күчтөр Иракта да, Сирияда да рейддерди жүргүзөрүн белгиледи.

Буга чейин АКШ президенти Барак Обама өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топту аскердик операция менен жок кылуу зарылдыгын жарыялаган. Азыр Иракта америкалык үч миң беш жүздөй жоокери бар.

XS
SM
MD
LG