Ссылки доступа

Кыргызстанда мурдагы коргоо министрлери жемкорлук боюнча айыпталууда


Мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге карата "кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу" жана "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш иш ачылды.

Башкы прокуратуранын маалыматында, Өмүралиев министр болуп турган 2013-жылы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасына 5 млн. сомду мыйзамсыз которгон. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери улантылып жатат. Прокуратура экс-министрден башка мекеменин бир катар кызмат адамдарына да айып такты.

Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Аскер прокуратурасы менен бирге Өмүралиевдин ордуна келген министр Абибилла Кудайбердиевге, анын орун басарына, министрликтин каржы башкармасына жана “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Кубаныч Колхожоевге да “кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “кызматтык жасалмалуулук” жана “ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу” фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, министр баштаган кызмат адамдары 12 млн. сомду кымырып алганын жар салган. Президент Кудайбердиевге иш козголору менен аны иштен алган.

XS
SM
MD
LG