Ссылки доступа

Ирактын өкмөтү “ИМ” менен күрөштө америкалык спецназдын кереги жоктугун айтууда


Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Абади өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топко каршы күрөшкө атайын бөлүктүн жоокерлерин жөнөтүү боюнча Вашингтондун чечимин кайра карап чыгуу керектигин жар салды. Анын айтуусунда, Ирак кошумча чет элдик аскерге өтө деле муктаж эмес.

Бул тууралуу Ирактын өкмөт башчысы Пентагондун жетекчиси Эштон Картердин террорчуларга каршы атайын багыттагы күчтөр жиберилет деген маалыматынан кийин айтты. Америка тарап мындай аскерлер Ирактагы күрддөрдүн автономиясынын аймагына да жайгаштырылышы ыктымалдыгын билдирген.

Ирак тарап өз аймагында кандай гана операциялар болбосун Багдад менен макулдашуусуз жүргүзүлбөй турганын, өлкөнүн “Ислам мамлекети” уюмун жеңүү үчүн мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеп жатат.

Америка коргоо министри Эштон Картер Иракка “ИМ” тобу менен күрөшүү үчүн жибериле турган атайын аскерий топ согушкерлерди жок кылууга, ошондой эле Сириядагы аракеттерди улантууга колдонулушу мүмкүндүгүн жокко чыгарбады. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы атайын аскер бөлүгү аткара турган иштер Ирактын бийлиги менен өз ара макулдашыларын ачыктады.

XS
SM
MD
LG