Ссылки доступа

Умарали Назаровдун жактоочусуна наристенин өлүмү тууралуу маалымат жайылтууга тыюу салынды


Жактоочу Юрий Серов тажик мигранттарынын чарчап калган беш айлык ымыркайы тууралуу маалыматтарды тергөө бүткүчө таратпоо боюнча документке кол койгонун билдирди. Кылмыш иши “кесиптик милдетти так аткарбоо, шалаакылык” беренесине ылайык козголгон.

13-октябрда Тажикстандан Орусияга барып иштеп жүргөн Рустам Назаров менен Зарина Юнусованын беш айлык баласы Умарали белгисиз себептерден улам Санкт-Петербургдагы ооруканада чарчап калган. Андан бир нече саат мурда Петербургдун полициясы жубайларды батиринен миграциялык мыйзамды бузду деп кармап, убактылуу камоочу жайга алып барып, баланы алып кетишкен. Умаралинин өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык териштирүү жүрүп, капилет өлүмгө өтө тез козголгон дем алуу органдарынын оорусу себеп болгон деген жыйынтык чыккан. Баланын дени сак экенин айткан ата-эне мындай тыянакты четке кагууда. Наристенин сөөгү ноябрда Тажикстанга жиберилип, жерге берилген. Аны менен кошоэнеси Зарина Юнусова Орусиядан депортацияланган.

XS
SM
MD
LG