Ссылки доступа

Хадича Исмаилова швециялык басылманын эл аралык сыйлыгын алды


Азербайжанда абакка кесилген “Азаттыктын” азери кызматынын журналисти Хадича Исмаиловага Handels-och-Sjofarstidning басылмасы эл аралык "Холме баатыры" деп аталган сыйлык берди.

Аталган сыйлык жыл сайын адам укугун коргоодо өз эркиндигин садага чапкан укук коргоочуларга тапшырылып келет. Буга чейин АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден, “Викиликс” сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж жана башкалар алышкан.

Жогорку бийлик чөйрөсүндөгү коррупцияны иликтеп жазып келген Исмаилова адамдарды каралаган, салык төлөгөн эмес, мыйзамсыз ишкердик кылган, мүлктү менчиктеп алган, укугун бейчеки пайдаланган деген айыптын негизинде быйыл 1-сентябрда жети жарым жылга эркинен ажыратылган. Ал өзүнө коюлган күнөөлөр негизсиз экенин билдирип, соттун чечимин кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатат. Укук коргоочулар анын бейкүнөө экенин айтышып, бошотууга азери бийлигин чакырышууда.

XS
SM
MD
LG