Ссылки доступа

Кыргызстандык Таттыбүбү Самидин кызы “Дүйнө сулуусу-2015” сынагына ат салышат


Сынак Кытайдын Хайнан аралында өтөт.

Кыргызстандык Таттыбүбү Самидин кызы Кытайдын Хайнан аралынын Санья шаарында боло турган “Дүйнө сулуусу” сынагына катышмакчы.

Азыркы учурда сүрөткө тартылуу жана даярдыктар жүрүүдө. Сынак 13-декабрда башталып, 19-декабрда аяктайт.

Таттыбүбү Самидин кызы 20 жашта. «Космо леди» басылмасында редактор болуп эмгектенет. Келечекте өзүнүн кийимдер топтомун чыгарып, саясатка аттангысы келгендигин жашырбайт.

Жумуштан тышкары Таттыбүбү волейбол ойнойт, классикалык музыкаларды угуп, кыргыздын салттуу бийлерин мыкты аткарат.

XS
SM
MD
LG