Ссылки доступа

Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү кароо-сынагы өтүүдө


Анда калыстар тобун өзбек режиссеру жетектөөдө.

Өзбекстандын эмгек сиңирген режиссеру Али Хамраев “Кыргызстан – кыскаметраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу V эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун башчысы болуп шайланды.

“Чукул комиссар”, “Жетинчи ок”, “Адам куштардын артынан кетет”, “Жак сакчы” жана башка белгилүү тасмалардын режиссеру 1988-жылдан бери Италия жашайт. 1988-жылы ал Абдулрашид Дустум аттуу өзбекстандык аскер башчысы тууралуу документалдык тасма тарткан.

Калыстар тобунун сынына Борбор Азия, Ооганстан, Грузия, Орусия, Украина, Балтика мамлекеттиринин 13 тасмасы коюлган. Кароо-сынак Мыкты тасма”, “Мыкты режиссер”, “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы”, “Көрүүчүлөргө жаккан сыйлык” номинациялары боюнча өтүп жатат. Жеңүүчүлөр 15-декабрда жарыяланат.

XS
SM
MD
LG