Ссылки доступа

Калифорниядагы ок атууларга шектелгендердин ысымдары аталды


Полиция кармоо учурунда өлтүрүлгөн адамдардын ким экенин тактады. Алар28 жаштагы жергиликтүү тургун Саед Фарук менен 27 жашар Ташфин Малик болуп чыкты.

Экөө автоунаа менен из жашырып кетүүнү максат кылышкан. Жанынан курал-жарактын көп түрү табылды.

Саед Фарук майыптар борборундагы кандуу окуя менен аяктаган жолугушуунун катышуучусу катары катталганы аныкталды.

Американын Федералдык чалгын кызматы кылмышкерлер теракт уюштурууну көздөгөн болушу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт. Иликтөө иштери уланууда.

2-декабрда Түштүк Калифорнияда социалдык жардам көрсөтүү борборундагы ок атууда 14 киши өлүп, 17си жаракат алды. Лос-Анжелес шаарынын чыгыш жагында орун алган Сан-Бернардино калаасындагы бул борборго жыйын учурунда куралдуу үч адам кирип келип, элди аткылаган. Андан кийин кара түстөгү унаа менен качып кетишкен эле.

XS
SM
MD
LG