Ссылки доступа

Ислам Каримов кыздардын эрте турмуш куруусуна каршы


Өзбек президенти кыздарды 19 жашка чыккандан кийин гана турмушка узатууга элди чакырды.

Наманган шаарындагы сапары учурунда, Каримов бул айткандары “буйрук” экенин эскертип, анын аткарылышын көзөмөлдөөнү прокурорлорго тапшырды.

Каримовдун баамында, мектепти аяктагандан кийин кыздар жок дегенде дагы үч жыл билим алып, андан кийин гана үй-бүлө курушу керек. Президенттин бул билдирүүсүн өлкөдөгү бардык телеканалдар көрсөттү.

Өзбекстандын мыйзамы боюнча, болочоктогу очок ээлерине 17 жаштан, эркектерге 18ге толгондон кийин баш кошууга уруксат берилет. Бирок өлкөдө 16 жашынан тартып эле турмушка аттангандар жүздөп саналат. Муну менен үй-бүлө кодекси бузулуп келген.

Кыздарды жаштайынан күйөөгө берүү күч алгандыгына байланыштуу бийлик 2013-жылы нике жашы боюнча мыйзам талабын күчөткөн. Анда жашы жете элек бүлө кургандарга эң төмөнкү айлыктын жүз эсеге чейинки өлчөмүндө айып пул төлөө, үч жылга чейин кара жумушка салуу, же болбосо алты айга чейин камоо жазасы каралган.

XS
SM
MD
LG