Ссылки доступа

Тажикстан уруксат бериле турган ысымдардын тизмесин түзөт


Өкмөттүн алдындагы тил комитети улуттук ысымдардын бирдиктүү тизмесин даярдоодо. Ал ымыркайларга ат коюп жана ата-тегин каттоодо негизги документ болуп калууга тийиш.

Тизмеде 5 миңге жакын тажик ысымы жазылган. Эгерде аталган мекеменин сунушу колдоо тапса, ата-энелер ошондон гана ат тандашы керек болот. Тил комитетинин өкүлү Абдурахим Зулфониян муну менен бүгүнкү күндөгү ар кандай ысымдарды балдарга ыйгарбоо аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Буга чейин Тажикстандын укук министрлиги жарандык абалды каттоодо "молдо", "хала", “тура”, ”кожо”, “шейх”, "эмир" жана башка арап сөздөрүн камтыган ысымдарга тыюу салууну сунуштап, тиешелүү мыйзамды өзгөртүүгө чакырган.

Тил комитети сунуштап жаткан тизмеде мурунтан бери колдонулуп келе жаткан жана тажик аттары катары сиңип калган арап ысымдарына гана уруксат берилет. Тажикстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрүнө мунун тиешеси жок.

XS
SM
MD
LG