Ссылки доступа

Орусия жана Түркиянын тышкы иштер министрлери Белградда жолугушту


Орусия жана Түркия тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Мевлют Чавушоглу бейшембиде Белградда ЕККУ жыйынынын алкагында кезикти.

Кырк мүнөткө созулган бул сүйлөшүү 24-ноябрда Түркия орус аскерий учагын атып түшүргөндөн бери эки тараптын эң жогорку деңгээлдеги алгачкы кездешүүсү болду.​ Анда эмне сөз болгону азырынча айтыла элек.

Москва менен Анкаранын алакасы учак атып түшүрүлгөндөн бери кескин начарлап, тараптар бири-бирин айыптап келет. Түркия орус учагы өлкө аба мейкиндигин бузуп, бир канча жолку эскертүүлөрдү тоотпой койгон соң атып түшүрүлгөнүн айтса, Орусия учагы Сирия аймагынан чыкпаганын билдирүүдө. Буга удаа Москва Түркияга каршы экономикалык санкцияларды киргизди. Орус тарап Түркияны Сириянын бир канча аймагын басып алган "Ислам мамлекети" террордук тобунан мунай сатып алат деп айыптап келген. Муну четке каккан түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган тескерисинчекечээ Орусиянын өзү аталган топ менен мунай соодасына аралашканына далил бардыгын айтып чыкты.

XS
SM
MD
LG