Ссылки доступа

Калифорниядагы ок атууларды пакистандыктар ишке ашырганы айтылууда


Калифорниянын түштүгүндөгү Сан-Бернардино аймагындасоциалдык борбордо ок атканТашфин Малик Саид Фарукменен биргеликте Америкага виза аркылуу келген. Пакистандын жарандыгына ээ болушкан.

Алардын эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз. Полициянын билдирүүсүндө, кылмышкерлер 75 жолу ок чыгарышкан. Саид Фаруктун үйүн тинтүү учурунда 3 миңден ашык ок-дары, 12 колго жасалган жардыргыч заттар жана башка куралдар табылды.

2-декабрда Түштүк Калифорнияда социалдык жардам көрсөтүү борборундагы ок атууда 14 киши өлүп, 21и жаракат алды. Лос-Анжелес шаарынын чыгыш жагында орун алган Сан-Бернардино калаасындагы бул борборго жыйын учурунда куралдуу үч адам кирип келип, элди аткылаган. Андан кийин кара түстөгү унаа менен качып кетишкен эле.

Американын Федералдык чалгын кызматы кылмышкерлер теракт уюштурууну көздөгөн болушу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт.

XS
SM
MD
LG